• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Өлүм жазасын киргизүү кылмыштуулуктун пайызын төмөндөтпөйт – Рита Карасартова

Коом 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Өлүм жазасын киргизүү кылмыштуулуктун пайызын азайтпайт. Бул тууралуу “Коомдук анализ институту” коомдук бирикмесинин директору Рита Карасартова Бишкекте өткөн тегерек үстөлдүн жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан өлүм жазасын киргизүүгө даяр эмес.

“Укук коргоо органдарын коргоо керекпи? Ооба, бирок анда бардыгы өз ишин милдеттүү деңгээлде аткарсын. Кызматкер күнөөлүүбү? Прокуратура муну далилдесин”, - деди Карасартова.

Кылмыш иштеринин жүрүшүндө тараптардын жарашуу түшүнүгү боюнча ал бул нормалдуу практика экенин айтып, бул учурда чет өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып, соттолгондорду өлтүрүүнү суранбоо керектигин билдирди.

“Эгер бизде өлүм жазасы болсо жана соттолгон адам депутаттын тууганы болсо, анын эмес, күнөөсүз адамдын өмүрү кыйылат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий