• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Лейлек районунда абал туруктуу, аймакта милициянын көчмө кабылдамасы иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка-2, Достук айылдарында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте толугу менен күнү-түнү иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-30-апрель күндөрү эвакуация болуп айылдан чыгып кетип, бүгүнкү күндө өз айылдарына кайтып келген жарандарга милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, милициянын көчмө кабылдамасы арыз-кайрылууларды кабыл алып жатат.

Учурда жогорудагы аталган аймактар туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий