• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өмүрбекова Үчүнчү ДКОнун ыктыярчыларын сыйлоо аземине катышты

Өкмөт 0

Бишкек,10.11.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 10-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында өткөн Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоого жана өткөрүүгөсалым кошкон ыктыярчыларды сыйлоо аземине катышты.

Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бардык катышуучуларга жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдирип, айрыкча жаштардан турган ыктыярдуу топтордун салымы чон болгонун баса белгиледи.

«Бул оюндарды даярдоого жана жогорку уюшкандык деңгээлде өткөрүүгө силердин эмгегиңер зор. Силер чындыгында эле келген коноктордун, туристтердин компасы, жол көрсөткүчү болуп, кыргыз элин дүйнө жүзүнөмеймандос, кичи пейил, ар дайым ачык өлкөкатары тааныттыңар. Ыктыярчыларсыз бул долбоорду элестетүү кыйын, - деп билдирди вице-премьер-министр.

Вице-преьер-министр баса белгилегендей, түрдүүиш чараларды жана эл аралык маанидеги иш чараларды өткөрүүдө жылдан жылга мамлекеттик органдар менен жарандык активисттердин жана ыктыярчылардын ортосундагы мамиле мамлекеттик өнөктөштөш катары бекемделип жатат.

Иш чаранын жүрүшүндө вице-премьер-министр Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын даярдоого жана жогорку уюшкандыкта өткөрүүгөсалымдарын кошкон ыктыярчыларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыраазычылык каттарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий