• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Марипов Архитектура, курулуш жана турак жай агенттигинин жетекчисине сөгүш жарыялады

Өкмөт 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Урматбек Кокочаровго сөгүш жарыялады.

Эскерте кетсек, "Бишкек башкы архитектурада" премьер-министр Улукбек Мариповдун катышуусунда жыйын өттү.

"Курулуш жаатындагы маселелерди чечүү үчүн эч ким жолтоо болгон эмес. Көрүлгөн чараны бир аз жумшарттым. Бул жерде - иштен кетирүү деп жазылган", - деди Марипов.

Премьер-министр ошондой эле Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновго вице-мэр Азамат Сагындык уулуна сөгүш жарыялоону сунуштады. Ошондой эле "Бишкексууканалдын" башчысы Мурадин Сейдалиевге карата катуу чара көрүп, керек болсо кызматтан кетирүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий