• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нарын: Үй карантининдеги жарандарга жеринде көзөмөл жүргүзүлүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Нарында үй карантининдеги жарандарга жеринде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мэриянын маалыматына караганда, учурда Нарын шаарында 362 адам үй карантинине алынган. Аларды медицина кызматкерлери тарабынан түзүлгөн мобилдик топтор жеринде барып текшерип, аймактарды иликтеп, медициналык кароодон өткөрүп жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

"Убактылуу чектөөлөрдү жана талаптарды туура кабыл алып, медициналык талаптарды так сактап берүүңүздөрдү суранабыз. Тартип бузгандарга жана карантиндин нормаларын туура сактабагандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертебиз", - деп билдиришти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий