• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нарын шаарында 21 шайлоо участкасы ачылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Нарын шаарында таңкы саат 08:00дө 21 шайлоо участкасы ачылып, президенттикшайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын тандоо максатында референдум башталды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаар мэри Нурбек Молдокадыров 4065-шайлоо участкасынан өз добушун берип, шайлоонун жүрүшүнө ийгилик каалады.

"Шаар боюнча 30 миңден ашык шайлоочунун тизмеси такталып илинген, тийиштүү даярдыктар жүрүп, шайлоо комиссиялары жылуу имараттарга жайгаштырылган. Ошол эле учурда кошумча жылыткычтар таратылды. Шайлоону таза жана жакшы маанайда өткөрүп алалы", - деди Нурбек Молдокадыров.

Ар бир участкага 2ден АСУлар коюлуп, тийиштүү жабдуулар жана зарыл шарттар түзүлгөн.

Электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү максатында алтернативалуу электр тогун берүүчү жабдуулар, күйүүчү майлары менен камсыздалган. Интернет байланышы бар. Мындын тышкаркы, медицина, милиция кызматкерлери тартылып коопсуздук жагы да каралган.

Эске сала кетсек, бүгүн саат 08:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды.

Пикир

Оставить комментарий