• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ноокен райондук милициясы балдар үйүнө колдоо көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Ноокен райондук ички иштер бөлүмү Ж.Ниязов атындагы жалпы билим берүүчү көмөкчү мектебине колдоо көрсөттү. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук милициянын өздүк курамы балдар үйүнө 150 миң сомго жакын акча каражатына кийим-кече, шириндиктер алып келишкен.

Мугалимдер жана окуучулардын чакан концерттик программасынан кийин Ноокен РИИБдин начальниги Алтынбек Мусаев сөз сүйлөп, балдар ар дайым камкордукка алынаарын белгиледи. Аларды майрам күндөрү гана эстебей, башка учурларда дагы көңүл бурулаарын айтты.

Өз кезегинде көмөкчү мектебинин жетекчилиги Ноокен милициясына терең ыраазычылык билдирип, ар дайым колдоо көрсөтүп келе жатышканын баса белгиледи.

Иш-чаранын негизги максаты кызматкерлердин ички сезимдерин ойготуп, коомдун аярлуу катмарын ар дайым камкордукка алуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий