• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ноокенде эки жаш жигит адам өлтүрүүгө шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Ноокенде эки жаш жигит адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Ноокен райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн дарыгери 102 номерине чалган. Ал Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы жол четиндеги эгин талаада, Ноокен районунун тургуну 1973-жылы туулган Ж.М. аттуу жарандын сөөгү жаткандыгын билдирген.

Бул факты ошол эле күнү Ноокен РИИБдин КЖБРне КР Жазык кодексинин 130-беренесинде (Киши өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейнки өндүрүш иши башталган.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургундары 2002-жылы туулган А.Ж. жана 2005-жылы туулган К.А.аттуу жарандар кармалышкан. Шектүүлөр тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя кандай болгонун жеринде көрсөтүп беришкен.

Окуяга шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, А.Ж. 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми К.А. жашы жете өспүрүм болгондуктан Ноокен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий