• 87.86
  • 93.94
  • 1

Орусияда авариядан жабыркаган өзбекстандыктар мекенине жеткирилди

Кырсык 0

Бишкек, 09.10.17 /Кабар/. Өзбекстандын Коргоо министрлигинин аскер-техникалык учагы 8-октябрда Владимир облусунда авариядан каза тапткан жана жаракат алган жарандарын алып келди.

Ил-76 менен авариянын 36 катышуучусу жана алардын беш тууганы келди. Учак Термезге конуп, Сурхандарыя облусунун 22 жашоочусу жана 15 маркумдун сөөгү түшүрүлдү.

Үч жабырлануучу, анын ичинде беш жаштагы кыз Владимир обусунун оорунканасында дарыланууда. Алар абалдары жакшырган соң мекенине кайтышат.

6-октябрдын таңында Владимир шаарында жүргүнчү автобусу темир жолду кесип өтүп баратканда өчүп калган. Жүргүнчүлөр түшө калып түртүп атканда жакындап калган поезд токтоно албай сүзүп өткөн. Автобустун ичинде өзбекстандык 55 жүргүнчү, эки казакстандык айдоочу болгон. Натыйжада 17 киши каза тапкан, алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан жарандары экени аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий