• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош шаардык билим берүү башкармалыгында 6,7 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Финансы министрлигинин Ички аудит кызматы Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын ички көзөмөл чөйрөсүнө аудит жүргүзгөн.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын жыйынтыгында 6 млн 696,5 миң сом суммасында мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Алар:

- тиешелүү эмгек акысынан ашыкча төлөнгөн суммасы 572,0 миң сомду түздү;
- негизсиз түрдө төлөнгөн кошумча устөк акынын суммасы 796,6 миң сомду түздү соц. төлөмдөрдү (17,25%) эске алуу менен;
- эмгекке жарамсыздык баракчасы жок төлөнгөн суммасы 186,9 миң сомду түздү соц. төлөмдөрдү (17,25%) эске алуу менен;
- эмгек өргүүгө ашыкча төлөнгөн акча каражаты 228,1 миң сомду түздү соц. төлөмдөрдү (17,25%) эске алуу менен;
- негизсиз түрдө зыяндуулук үчүн төлөнгөн акча каражаты 318,3 миң сомду түздү соц. төлөмдөрдү (17,25%) эске алуу менен;
- КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30 мартындагы №181 токтомунун 21-тиркемесинин 5-бөлүмүнүн 26-28 пунктчасы, тактап айтканда сабактарды алмаштырууну эске алуу менен жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин сабак жүктөмү 5-11 кластарда жумасына 27 сааттан, 1-4-класстарда жумасына 24 сааттан ашпоого тийиш деп так көрсөтүлгөн ушул мыйзамды бузуу менен жумалык сабак жүктөмдөрү ашырылып 284,7 миң сомго ашыкча төлөнгөн социалдык төлөмдөрдү (17,25%) эске алуу менен;

- Ош шаардык Билим берүү башкармалыгынын эсепчи бухгалтерлери тарабынан төмөнкү кызматкерлерге кызматкерден кармалчу 8 пайыз соцалдык фондго кармоо жүргүзүлбөстөн ашыкча 159,5 миң сом которулуп берилген;

- №83 "Аруузат" атындагы бала бакчага 2022-жылы ар ай сайын жумушчуну эсепке алуу табелин толтуруу менен 24 кызматкерге жалпысынан 3 504,4 миң сом өлчөмүндө эмгек акы катары төлөнүп берилгени аныкталды. Анын ичинен (эмгек акы) статьясы менен 2 988,8 миң сом, (Социалдык фонд 17,25%) статьясы менен 515,6 миң сом;

- "Олимп" мектеп-гимназиясы, Ю.Гагарин атындагы №17 мектеп-гимназиясы, Навои атындагы №18 мектеп-лицейи, жана “Керме-тоо” №42 мектеп гимназиясынын кызматкери катары Асан уулу Залкар аттуу жаранга таандык 1360244176647930 эсеп счетуна негизсиз түрдө 646,0 миң сом которулуп берилген. Белгилей кетчү нерсе жогорудагы жагдай боюнча мектеп жетекчилеринен тактоо учурунда аты аталган А.у. З .аттуу жаран мектептерде иштебегенин жана иштебээрин тастыкташты.

Белгиленгендей, аудит учурунда эсепчи А.Н.Т. тарабынан 49,9 миң сом өлчөмүндөгү каражат тиешелүү бюджетке калыбына келтирилди.

Пикир

Оставить комментарий