• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ош шаарында Курман айт майрамына карата кайрымдуулук акциялары өттү

Аймак 0

Бишкек, 08.07.22./Кабар/. Ош шаарынын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарында жана Жапалак айыл аймагында ыйык Курман айт майрамында кайрымдуулук иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага шаардын вице-мэрлери, мэриянын бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жаштар, аксакалдар катышууда.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, аз камсыз болгон жана жардамга муктаж тургундарга, карыларга, пенсионерлерге тамак-аш азык-түлүктөрү үйлөрүнө жеткирилди.

Бул акция буга чейин салтка айланып, ыйык Курман айт майрамында бардык Ош шаарынын тургундарынын башын бириктирип, муктаж жана аз камсыз болгон жарандарга жардам көрсөтүү максатында уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий