Ош шаарында студенттер мэриянын ишмердүүлүгү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 05.11.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда Жунусбаев Ош шаарында аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтарды берип, демилгелүү жаштардын мыкты идеяларын Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов ар тараптуу колдоп берүүгө даяр экенин билдирди.

Соңунда студенттер Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлеринин иш алып баруусу менен таанышып чыгышты.

Иш-чара Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция боюнча ишмердүүлүгүнүн "Интеллектуалдар" борбору тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий