• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ош шаарында “Түштүк авангард” сүрөт көргөзмөсү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Ош облустук Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде “Түштүк авангард” сүрөт көргөзмөсү өтөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, көргөзмөнүн ачылышы 4-августта өтүп, ага Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов, коомдук ишмер, журналист Салима Шарипова, музейдин директору Бактыгүл Мидинова, түштүк аймагынын өнөрпоздору, искусство таануучулар жана маданият ишмерлери катышты.

Сүрөт көргөзмөсү BILIMKANA мектеп тармагынын жана “TOLON MUSEUM” коомдук фондунун стипендиялык программасынын алкагында уюштурулду.

Ачылыш аземинин алкагында Досматов Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан көргөзмөнүн ачылышы менен куттуктап, түштүк аймагынын сүрөтчүлөрүнүн эмгектери ар дайым көз карандысыз көрүүчүлөрдү өзүнө тартып келгенин белгиледи.

Белгиленгендей, “TOLON MUSEUM” стипендиялык программасында сүрөтчүлөр живопистин жардамы менен коомдун көңүлүн социалдык көйгөйлөргө бурууга, авангард линиясын актуалдаштырууга аракет кылышкан.

“Түштүк авангард” көргөзмөсүнө белгилүү, таланттуу, өзгөчө авторлор: Улан Джалиев, Абдусамат Мырзаев, Латип Камалов, Алмасбек Самидинов, Ырысбай Төлөнов, Исмаил Урманов катышты. Сүрөтчүлөр 2022-жылдын башында эмгектеринин үстүндө иштеп башташкан жана 8 айдан кийин эмгектерин тартуулап жатышат. Көргөзмөгө жалпысынан 32 эмгек коюлган.

Уюштуруучулар “Түштүк авангард” көргөзмөсү Ош шаарынан башталып, андан соң көргөзмө Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөрүн билдиришти.

Оштогу сүрөт көргөзмөсү 15-августка чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий