• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош: Жаңы жыл түнү коомдук транспорт түнгө чейин иштейт

Аймак 0

Бишкек, 31.12.23. /Кабар/. Ош шаарында Жаңы жыл түнү коомдук транспорт түнгө чейин иштейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу жарандардын ыңгайлуулугу үчүн №2 троллейбустук каттам 31-декабрь саат 10:00дөн тарта, 1-январь саат 01:00гө чейин, ал эми автобустардын кыймылы саат 20:00дөн баштап 01:00гө чейин төмөнкү багыттар боюнча каттайт:

- Борбордук аянт - Кулатов кичи району ( Западный);

- Борбордук аянт - Манас-Ата кичи району (ХБК).

Пикир

Оставить комментарий