• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абадда кол өнөрчүлөрдүн республикалык фестивалы өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абаддагы Барпы театрынын алдындагы аянтта "Терме–акылдын айдыңы, курак–элдин байлыгы" аталышындагы кол өнөрчүлөрдүн республикалык фестивалы өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Саамалыкта кыргыз элинин улуттук баалуулуктары даңазаланып, чеберлер терме курак сынагына өз эмгектерин коюшту. Мындан сырткары, фестивалда этномода уюштурулуп, концерттик программалар тартууланды.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Маданият министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жана өлкө аймактарынан келген 150гө жакын уз-чебер катышты

Пикир

Оставить комментарий