• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто мэрдин кубогу үчүн футзал боюнча мелдеш өтүп, депутаттар жеңишти камсыздады

Аймак 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Ош шаарында кечээ, 30-мартта, мэрдин кубогу үчүн футзал боюнча мелдеш өттү.

Мэриянын маалыматына ылайык, спорттук иш-чарага мэриянын кызматкерлери жана шаардык кеңештин депутаттарынан куралган беш команда катышты.

Жыйынтыгында 1-орунга Ош шаардык кеңешинин депутаттары ээ болушту. 2-орунду турак жай коммуналдык башкармалыгы, 3-орунду мэриянын социалдык бөлүгү камсыздады.

Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Спорттук иш-чара президенттин демилгеси менен футзалды жайылтууну колдоо максатында уюштурулду. Мындан ары ар эки ай сайын өткөрүү мерчемделген.

Пикир

Оставить комментарий