• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

ОшМПУнун таланттуу студенттери эл аралык конкурста жеңүүчү аталды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУ) таланттуу студенттери эл аралык “Интеллект будущего” аттуу илимий-тарбиялык конкурста 1-орунду багындырышты. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган саамалык Шадринск мамлекеттик педагогикалык университетинде болуп, ага бир канча өлкөлөрдүн ЖОЖдору катышкан. Катарында окуу жайдын музыкалык-педагогикалык факультетинин окутуучусу Чолпонай Мырзакулова баштаган студенттердин командасы өз таланттарын жана билимдерин сынашты.

Иш-чара 3 этаптан туруп, 1-турда катышуучулар жандуу үн менен ырдалган чыгарамаларын тартып жөнөтүшсө, 2-турда белгилүү композиторлор боюнча эссе жазышкан. Ал эми 3-баскычта финалдык беттеш Россия жергесинде өтүп, мында ОшМПУнун М-21 тайпасынын студенттери Каныбек кызы Болдукан, Маннапова Зарина, Мирбек уулу Адилеттен турган топ конкурста жеңүүчү аталышты.

Жыйынтыгында диплом, кубок жана жетекчиси Чолпонай Мырзакуловага ыраазычылык кат тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий