• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Ошто 15 жаштагы кызды ала качкан төрт жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Ош шаарында 15 жаштагы кызды ала качууга шектелип төрт жигит кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда саат 22:00дөр чамасында Ош шаарынын А.Масалиев менен Зайнабитдинов көчөсүнүн кесилишинде 15 жаштагы кызды ала качып жаткан жеринен “күйөө бала” болчу 27 жаштагы Р. уулу У. жана анын шериктери 37 жаштагы О.Т, 36 жаштагы С.З., 37 жаштагы М.У. аттуу жарандар кармалган.

Учурда шектүүлөрдүн үстүнөн Кылмыш кодексинин 197-беренесинин (“Никеге туруу үчүн ала качуу”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Шектүүлөр милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Алардын баш коргоо чарасы эртең, 20-октябрда Ош шаардык соту тарабынан каралат.

Пикир

Оставить комментарий