• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто балдар арасында таэквондо боюнча биринчилик өттү (Сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 01.04.18. /Кабар/. Кечээ, 31-мартта Оштогу балдар жана жаштар спорт мектебинде Ош шаары жана Ош облусу ортосундагы таэквондо боюнча биринчилик өттү. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага 7ден 13 жашка чейинки дээрлик 200 спортчу катышкан.

Мелдештин башкы калысы Баястан Багыбаевдин айтуусунда, спортчулар 14 салмактык категория боюнча беттешишти.

“Аталган турнирге Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунан келген спортчулар катышты. Алдыңкы орундарды алган спортчулар баалуу белектер, медаль жана дипломдор менен сыйланышты”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий