• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде дан эгиндерин жыйноо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында буудай оруу жумушу кызуу башталды. Дан эгиндерин жыйноо жумуштарына Айыл чарба, тамак аш жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев жана облустук өкүлчүлүктүн аппаратынын жетекчиси Мунар Насиров баштаган жергиликтүү жетекчилер, дыйкандар катышты. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Кадамжай райондук айыл чарба башкармалыгынын башчысы Айдар Асамидиновдун айтымына караганда, алдыда райондун аймагындагы 2865 гектар кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо милдети турат. Бул үчүн 30 комбайн иштеп жатат.

Белгилей кетсек, быйыл Баткен облусунда 38миң гектар жерге кылкандуу дан эгиндери эгилген.

Пикир

Оставить комментарий