• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Кытай жарандары кармалды

Аймак 0

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. 6-декабрда Ош шаарында Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Кытай жарандары 1963-жылы туулган L.Y. жана 1967-жылы туулган SH. G. кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган чет өлкөлүк жарандар 2020-жылдан бери Шэньси провинциясынын укук коргоо органдары тарабынан Кытайдын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси ("Калктан аманаттарды мыйзамсыз тартуу") боюнча экономикалык кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүрүшкөн.

Финансылык көз боёмочулук жолу менен алар 40тан ашык жарандын 17,44 млн юанын (болжол менен 2,5 миллион доллар) ыйгарып алышкан. Аталган чет өлкөлүк жарандарды камакка алууга облустук прокуратура уруксат берген.

Учурда кармалгандар Ош шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аларды экстрадициялоо маселеси менен компетенттүү органдар алектенүүдө.

КР Ички иштер министрлиги тарабынан тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн жарандарды аныктоо, анын ичинде республиканын аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий