• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 4 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Ошто коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун комендатурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коменданттык саатты бузгандар күндөн-күнгө азайып жатат. Жалпы облус боюнча 4 жаран кармалды. Алар райондук ички иштер байкармалыгына жана комендатурага алынап келинип, протоколдор түзүлгөн.

"Коменданттык саат учурунда 3 автоунаа токтотулуп, айып короого киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

6-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 216га жетти. Ошондой эле илдеттен 23 адам айыкты жана коронавирус жуктуруп алган 4 жаран каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий