• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Памирлик кыргыздарга жөнөтүлгөн гумжардам Тажикстандын Мургаб айылына жетти

Коом 0

Бишкек, 03.10.17. /Кабар/. Кичи жана Чоң Памирде жашаган этникалык кыргыздарга жөнөтүлгөн гуманитардык жардам Тажикстандын Мургаб айылына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1–октябрда Памирлик кыргыздарга көмөк көрсөтүү максатында 9 оор жүк ташуучу, 1 күйүүчү май ташуучу жана 1 тез жардам кызматы экспедиция мүчөлөрүнүн коштоосунда Оштон жөнөп кетишкен.

“КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-сентябрындагы №392- буйругунун негизинде Памирлик кыргыздарга жардам берүү үчүн 1-октябрда саат 10:15 КР ӨКМнин унааларына товардык-материалдык баалуулуктар жүктөлүп, экспедиция мүчөлөрүнүн коштоосунда Ош шаарынан чыгып кетишкен. 1-октябрда саат 17:50дө Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш чек ара заставасына жетишип, ошол жерде түнөшүп, андан ары сапарын улантышкан. 2-октябрда саат 11:40да Тажикстан Республикасынын аймагына өтүшкөн жана саат 22:30да Тажикстан Республикасынын Мургаб айылына жетишти. 3-октябрда андан ары сапарын улантышат”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий