• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Петровкадагы №8 мекеменин аймагына тыюу салынган нерсени өткөрүүгө аракет кылышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Петровкадагы №8 мекеменин аймагына тыюу салынган нерсени өткөрүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 16-майда кечке мал саат 16:30дар чамасында Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылындагы жайгашкан №8 мекеменин тосмолорунун биринин жанынан 2000-жылы туулган А.К.А аттуу жаран кармалды.

Мекеменин кызматкерлери өздөрү кайтарып жаткан түзөтүү мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрбөй кармап калышты.

Анын "Ауди" үлгүсүндөгү унаасын текшерүү учурунда 9,05 литр суюктук куюлган идиштер табылган, анын так курамын аныктоо үчүн тийиштүү адистерге жөнөтүлдү.

Аталган факты боюнча оперативдүү бөлүм тарабынан тиешелүү документтер топтолуп, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий