• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Президент 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 25-майында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам 2023-жылдын 18-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2023-жылдын 25-майында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткаруу максатында иштелип чыккан.

Аталган Протоколго киргизилген түзөтүүлөр укук колдонуу практикасынын жүрүшүндө табылган укуктук жөнгө салуудагы кемчиликтерди четтетүүгө багытталган; Бирлик жөнүндө Келишимде колдонулган аныктамаларды такталган; Бирликтин органдарына бир катар ыйгарым укуктарды берилген, анын ичинде Евразия экономикалык комиссиясына; шашылыш фитосанитардык чараларды колдонуу жөнүндө; ошондой эле тарифтик эмес жөнгө салуу (комиссия тарабынан товарларды экспорттоого жана (же) импорттоого электрондук документ формасында уруксаттарды жана лицензияларды берүүнүн (жол-жоболоштуруунун) тартибин бекитүү жөнүндө) жана техникалык жөнгө салуу бөлүгүнө түзөтүүлөр киргизилген, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (анын ичинде мүчө мамлекеттердин биринин мыйзамдарына ылайык даярдалган электрондук санариптик кол тамганын (электрондук кол тамганын) мүчө мамлекеттер тарабынан өз ара таанылышы боюнча); 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарына киргизилген 5 иш-чараны ишке ашыруу (1.6.3, 4.6.1, 4.12.1, 5.2.2, 11.1.1-пункттар, аларды аткаруу мөөнөтү - 2022-2023-жж.), Бирлик жөнүндө келишимдин учурдагы жоболорун конкреттештирүү.

Пикир

Оставить комментарий