• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Президент депозиттерди коргоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 26-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-августундагы № 281 «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо функцияларын берүү менен кайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу саналат.

Мыйзамда банк тарабынан чыгарылган адамдардын жана жеке ишкерлердин ээлигинде турган электрондук акчаларды аманат деген аныктамага киргизүү жолу менен депозиттерди камсыздандыруу алкагын кеңейтүү каралат.

Ошону менен бирге, Мыйзамда контроль жүргүзүү органы тарабынан лицензияны кайтарып алгандан тартып, кепилдик учур келерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин тобокелдик-менеджменти, ички аудит кызматтары жана корпоративдик катчысы Директорлор кеңешинин карамагына өтүүсүн караган ченемдер белгиленүүдө.

Мындан тышкары Мыйзамда башкаруу органдарынын мүчөлөрүнө карата кошумча квалификациялык талаптарды жана аткаруу органынын мүчөлөрүн дайындоонун чектик мөөнөтү каралган.

Пикир

Оставить комментарий