• 87.86
  • 93.94
  • 1

Президент кол алдындагыларга ага туулган күнүнө белек берүүгө тыюу салды – Байсалов

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол алдындагыларга ага туулган күнүнө карата белек берүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифинг учурунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

"Президент бардыгыбызга белек берүүгө, мактоолорду айтууга тыюу салды. Ал абдан жөнөкөй адам. Үч жылдын ичинде Жапаров элибиз аны президент кылып шайлап, жаңылбаганын далилдеди", - деди Байсалов.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-декабрда Садыр Жапаров 55 жашка толду.

Пикир

Оставить комментарий