• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

“Lexus GX 470” жана “Mercedes-Benz E” унааларын сатууга убада берген шектүү кармалды

Коом 0

Бишкек, 22.05.18 /Кабар/. Милиция кызматкерлери алдамчылык айыбы менен эркек кишини кармашты. Ага карата кылмыш иши козголуп, шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милицияга эркек киши кайрылып, “У” аттуу чала тааныш жигит марттын башында андан “Lexus GX 470” жана”Mercedes-Benz E” үлгүсүндөгү автоунааларын кайра сатуу үчүн алган. Кийин сөзүнө турбай жана унааларда кайтарбай, из жашырып кеткен.

Шектүү ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында колго түшкөн.

Тергөөчүлөргө мындан башка дагы 6 арыз келип түшкөн, аларда кармалган жарандын тиешеси бар экендиги айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий