Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын саны азайып жатат. Бул тууралуу Башкортостандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов билдиргенин "Российская газета" жазат.
Анын айтымында, жалпысынан Кыргызстанда эпидемиологиялык абал турукташууда.
"Күнү-түнү иштеген стационарларда 13 миңге жакын орун даярдалган. Алардын жарымынан көбү бош. Оң өзгөрүштөр бар: ооруканага кайрылгандарга караганда
айыгып чыккандардын саны көп", - деген ал.
Башкортостандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов кыргызстандык дарыгерлерге коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүгө келген дарыгерлер тобун жетектейт. Алар Кыргызстандагы ишин 16-августта жыйынтыктоону пландоодо.
Пикир
Оставить комментарий