• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Магнитогорскто Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар жапырт текшерилүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.01.19 /Кабар/. 31-декабрда Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү жана маршруткадагы жарылуудан кийин Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар жапырт түрдө текшериле баштады. Бул тууралуу «Комсомольская правда» гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, полиция кызматкерлери маршрутка айдоочулары, ошондой эле «Гранд» соода борбору менен «Жашыл базардын» айланасында иштеген өзбек, кыргыз жана тажик жарандарын текшерүүдө.

Ал ортодо жергиликтүү полициядан бул рейддер мигранттарды жапырт текшерүү эмес, кадимки эле алдын алуу иш-чарасы экенин билдиришүүдө.

Жергиликтүү маалымат каражаттары 20-январда участкалык полиция кызматкерлерин өз аймагындагы бардык батирлерди текшерип чыгуу тапшырмасы берилгенин кабарлашууда.

Мындай текшерүүлөрдүн жүрүшүндө 29 жаштагы кыргыз жараны Хусниддин Зайнобиддинов кармалган. Ал 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон кандуу окуяларга тиешеси бар деген айып менен кыргыз укук коргоочулары тарабынан эл аралык издөөгө жарыяланган, деп жазат centralasian.org.

Анын жубайы Халимахон Зайнобиддинова алты саатка созулган сурак маалында полиция кызматкерлери күйөөсүн кыйноого алышканын билдирүүдө. «Күйөөмө жолукканда бети көк-ала, көздөрү кызырган абалда болчу. Хусниддин полиция бөлүмүндө аны эсин жоготкончо кыйнап, кылбаган кылмыш үчүн күнөөнү мойнуна алууга мажбурлашканын айтты», — деди ал.

Учурда Магнитогорск шаарындагы №2 тергөө абагында камакта жаткан Хусниддин Зайнобиддинов жакынкы күндөрү Кыргызстанга экстрадицияланышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий