• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Садыр Жапаров 5-майда Кыргызстандын элине кайрылуу жасайт

Президент 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эртең, 5-майда үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү - Жогорку Кеңеш депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өлкөнүн өкмөтү, коомдук ишмерлер катышат.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, чакырылгандар коронавирус инфекциясына карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулууда.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Башталышы саат 10:00дө.

Пикир

Оставить комментарий