• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Садыр Жапаров Россиянын өкмөт башчысы Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшөт

Президент 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшөт. Бул тууралуу ал өзүнүн маалымат жыйынында билдирди.

Ал, башында маалымат жыйын 2,5 саатка созулат деп пландалганын айтып, бирок Россиянын өкмөт башчысы менен сүйлөшүү болоруна байланыштуу маалымат жыйындын убактысы кыскатыларын билдирди.

“Мага азыр эле саат 16:00дө Россиянын өкмөт башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшөрүмдү айтышты. Ошондуктан убакытты кыскартууга туура келет. Азыр маалымат жыйынды 1,5 саат өткөрөлү деп жатабыз. Бул күтүлбөгөн жагдай. Эгер суроо берүүгө жетишпей калган журналисттер болсо, жыйырмаларынан кийин жолугушуу өткөрө алабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий