• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Салык кызматы жана коомдук тамактануу тармагынын өкүлдөрү ККМ, ЭТТК колдонууну талкуулашты

Экономика 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн (ресторан, кафе ж.б.) ишкерлер менен жолугушту.

Салык кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу бүгүн, 14-февралда Бишкекте өткөн.

Жолугушуу салык салуу маселелерине тиешелүү маселелерди, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды колдонууну талкуулоо, бизнестин сунуштарын угуу жана чечүү жолдорун биргелешип иштеп чыгуу максатында Салык кызматы тарабынан уюштурулду.

Салык кызматынын башчысы жолугушуунун катышуучуларына салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында ККМ, ЭТТК, ЭЭФ киргизүүнүн максаттарын жана милдеттерин, аларды ишкердик субъекттери колдонуу зарылдыгын кыскача түшүндүрүп, ошондой эле чогулгандардын суроолоруна жооп берди.

А.Абдувапов ЭТТК менен иштөөнүн оң жактарын жана артыкчылыктарын, ошондой эле ишкерлер үчүн анын ыңгайлуулугун жана пайдасын белгиледи. ЭТТК – бул товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү унаа жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук документ экенин эскертти. Жөнөкөй сөз менен айтканда – бул ишкердин "виртуалдык кампасы".

"Башкача айтканда, мурда коомдук тамактануу жайлары жеткирүүчүлөр менен товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуп иштешкен, бирок кагаз түрүндө гана. Эми ушул эле коштомо кагаздар электрондук форматта гана колдонулушу керек. Болбосо эч нерсе өзгөргөн жок", – деди Салык кызматынын төрагасы.

Мындан тышкары, коомдук тамактануу субъекттери тарабынан ЭТТКны колдонуунун кажети жок, эң негизги талап – "ЭТТК" системасынан каттоодон өтүү жана товарларды жеткирүүчүлөрдөн ЭТТКны кабыл алуу зарыл.

ККМди колдонууга байланыштуу маселелерди талкуулоо учурунда Салык кызматынын башчысы коомдук тамактануу жайларынын өкүлдөрүнөн ар бир кардарга кассалык чек берүүнү унутпоосун суранды.

Талкуунун жыйынтыгында коомдук тамактануу жайларынын ээлери азыркы учурда кассалык машиналар, ЭТТК, электрондук эсеп-фактуралар зарыл чара болуп саналгандыктан, аларды милдеттүү түрдө колдонууга каршы эместигин баса белгилешти. Мындан тышкары, бул долбоорлор таза атаандаштык үчүн шарттарды түзүп, мыйзамсыз товарлардын жүгүртүлүшүнө бөгөт коюуда.

Жолугушуунун катышуучулары аларды тынчсыздандырган маселелерди жана аларды чечүү боюнча сунуштарды угуу максатында жолугушууну уюштургандыгы үчүн Салык кызматына ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий