• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Салык кызматы жети айда 85,9 млрд сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады

Экономика 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-июль айларында Мамлекеттик салык кызматы (МСК) мамлекеттик бюджетке 85 млрд 988,9 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады.

МСКдан билдиришкендей, белгиленген план 1 млрд 349,4 млн сомго ашыгы менен чогултулган (101,6%га аткарылды).

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 30 млрд 442,1 млн сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 154,8%).

Салык боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыкча аткарууга салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторингдөө боюнча иштердин аркасында мүмкүн болду.

Ошондой эле, "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоору, анын ичинде электрондук эсеп-фактура, контролдук-кассалык машина, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча "Жыйынды пост" системасы ж.б. ишке киргизилиши да оң таасирин тийгизүүдө.

Пикир

Оставить комментарий