• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Самарканд облусунда соттор менен сот кызматкерлери бир күн ичинде 1,6 тонна пахта теришкен

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Өзбекстандын Самарканд облусунда соттор менен сот кызматкерлери бир күн ичинде 1,6 тонна пахта теришкен. Бул тууралуу Өзбек телеграф агенттиги жазат.

Агенттик жазгандай, Жогорку соттун маалыматы боюнча, облустук, райондук жана шаардык административдик соттордун кызматкерлери жана 65 сот Самарканд облусунун Пастдаргом районундагы "Зафар" чарбасынын пахта талаасындагы жыйым иштерине катышкан. Алар бир күн ичинде 1 тонна 630 килограмм пахта теришкен.

Пикир

Оставить комментарий