• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: Абанын температурасы кескин төмөндөйт

Коом 0

Бишкек, 24.11.18. /Кабар/. 2018-жылдын 24-25-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми күндүз жана 25-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

25-26-ноябрь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарына суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:

- ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көңүл буруу;

- тоолуу унаа жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл;

- кышкы дөңгөлөктөр;

- күрөкчө, чынжырча, аптечка болуусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалдарда “112” кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий