• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Коом 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Аба температурасынын жогорулашына байланыштуу 16-марттан 18-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

"16-марттан 18-мартка чейин аба температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-107 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Гоо ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл", - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Пикир

Оставить комментарий