• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 29.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 1-декабрында Сочи шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.

Макулдашуу Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартибин, ошондой эле төгүмдөрдүн өлчөмүн аныктайт. Аны үлүштүк катышуу принциптеринин негизинде Уюмдун бюджетине мүчө мамлекеттер жыл сайын төгөт. Макулдашууга тиркемеде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин үлүштүк төгүмдөрүнүн өлчөмү белгиленет, ага ылайык ШКУнун бюджетине Кыргыз Республикасынын үлүштүк төгүмүнүн өлчөмү 8,8 пайызды түзөт.

Аталган Макулдашуу күчүнө киргенден баштап 2003-жылдын 29-майындагы ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашуу күчүн жоготот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий