• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто өзүн сот аткаруучу катары тааныштырган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Ошто өзүн сот аткаруучу катары тааныштырган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-февралда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1980-жылы туулган Т.М.Т. аттуу жаран кармалган, ал өзүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн кызматкери катары тааныштырып жүргөн.

Кармалган адам М.Ш аттуу жарандан Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга коюлган чектөөлөрдү алып салууга көмөк көрсөтүү үчүн 20 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда бул иш боюнча иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий