• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сигал Кыргызстанда Чыңгыз хан тууралуу тасма тартууга ниеттенип жүрөт

Коом 0

Бишкек, 15.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Голливуд актеру Стивен Сигал дагы деле Кыргызстанда Чыңгыз хан тууралуу тасма тартууга ниеттенип жүрөт. Бул тууралуу актер Сапар Исаков менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө журналисттерге билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстанда тасма тартуу үчүн демөөрчүлөрдү издөөнү улантып жатат.

“Мен дагы деле бул жерде тасма тартууну кыялданып жүрөм. Бирок бул үчүн чоң өлчөмдөгү акча каражаты керек, мен учурда инвесторлорду тартууга аракет кылып жатам”,-деди актер.

Пикир

Оставить комментарий