• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Сокулукта өспүрүм өз үйүндө асынып алган

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Сокулукта өспүрүм өз үйүндө асынып алган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, кечээ, 4-октябрда Сокулук райондук милициясына Раздольное айылында 2010-жылы туулган А.У. аттуу өспүрүм өз үйүндө асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.

“Иштин бардык жагдайларын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бардык чаралар көрүлүүдө. Өспүрүм баланын мындай аракетине эмне себеп болгондугу такталууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий