• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сот өкмөттүн аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Калмуратовду үй камагына чыгарды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бакыт Калмуратовго карата кылмыш иши каралды.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү сот жыйынына айыпталуучулар жана алардын жактоочулары келишти. Сот тарабынан жабырлануучу жана кошумча күбөлөр суралды.

Андан кийин айыпталуучу Калмуратовдун жактоочусу өзүнүн кардарынын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүп берүү өтүнүчүн билдирди.

Сот жактоочунун өтүнүчүн орундатып, Калмуратовдун мурдагы камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы үй камагына чыгарууга өзгөртүлдү.

Эскерте кетсек, 2020-жылы 19-октябрда УКМК ЭККМК тарабынан аткезчилик фактысы боюнча иликтөөгө байланыштуу ишти оң жагына чечүүгө ишкерден пара алуу ишинин жогоруда көрсөтүлгөн катышуучулары кармалып, КРнын Жазык кодексинин “Пара алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий