• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сот Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты

Коом 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Административдик соту Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхаджы Муртазалиевдин доо арызын канааттандырды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей сот Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратуу чечимин чыгарды.

Эске салсак, Абдурахманхаджи Муртазалиев февраль айында Борбордук шайлоо комиссиясына аны шайлоонун жеңүүчүсү деп таануу жана Атазовго байланыштуу чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок, БШК андан баш тарткан. Андан соң, ал Бишкектин Административдик сотуна кайрылган.

Сот Борбордук шайлоо комиссиясын 2022-жылдын 9-мартындагы Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу чечимин жокко чыгарууга жана аны шайланган депутат деп таанууга милдеттендирди.

Муртазалиев Бишкектин Свердлов районундагы шайлоодо жеңип чыккан. Бирок, кийинчерээк БШК эки аялдын добушун сатып алганы тууралуу маалыматтан улам, аны каттоо чечимин жокко чыгарган.

Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомун Административдик жана Жогорку сот колдоп, Шайлообек Атазов Свердлов районунан депутат болгон. Ал эми Муртазалиев бул аялдар менен эч кандай мамилеси жок экендигин, жана алар ага агитатор болуп иштебегендигин билдирген.

Административдик соттун чечимине 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрылып даттанса болот.

Пикир

Оставить комментарий