• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Тамак-аш жеткирүү кызматы ишин уланта берет - вице-мэр Алымкулов

Коом 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Тамак-аш жеткирүү кызматы ишин уланта берет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри, коменданттын орун басары Азизбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, аталган кызмат эртең мененки саат 7ден кечки саат 20:00гө чейин иштейт.

"Телефон аркылуу тамакка буйрутма берген кызмат иштей берет. Ал эми кафе жана ресторандар иштебейт. Ошол эле учурда саат 20:00дөн баштап баары токтош керек, Бишкек шаары жабылат. Шаарда эч ким болбошу керек", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жана Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 44гө жетти.

Алар: Ош облусунда – 20 учур, Жалал-Абад облусунда – 19 учур, Бишкек шаары – 3 учур, Чүй облусунда – 1 учур, Баткен облусунда – 1 учур.

Пикир

Оставить комментарий