• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Тажикстан Россиянын убактылуу борборлорунда турган жарандарын алып кетет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/.Тажикстан бийлиги ушул жумада Россиянын убактылуу жайларында кармалып турган жарандарын алып келүүгө убада берди.

Тажикстандын Россиядагы элчилиги кабарлагандай, биринчи кезекте мекенине үч айдан бери убактылуу борборлордо кармалган жарандар жеткирилет. Алардын баары – эпидемиядан улам үйлөрүнө кете албай калган эмгек мигранттары.

Көптөгөн мигранттар жумалап аэропорттордо жашаган. Батир үчүн акчасы жок борбор азиялыктарды орус бийлиги чет өлкөлүктөр кармалган атайын жайларга жөнөткөн.

Россиядагы башка тажикстандык жарандарды алып келүү маселесин республикалык штаб чечет. Бул үчүн карантин жайларында орундар бошоого тийиш.

Соңку маалыматтарга караганда, Тажикстанда 3000ден ашуун киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алды, 46 адам көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий