• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Тажикстанда интернет кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Социалдык түйүндөрдөгү каршылыктарга карабай, Тажикстанда интернет кымбаттады. Монополияга каршы кызматтын мобилдик интернет менен NGN аркылуу телефондук сүйлөшүүлөрдүн наркын жогорулатуу буйругу күчүнө кирди.

Монополияга каршы кызматтын буйругу менен бир гигабайт Интернеттин баасы 51 сомониге (5 долларга жакын) чыкты. Кошумча нарк салыгы менен акцизди эске алганда баа 63 сомониге (6,7 доллар) жетет. Мурда бир гигабайт Интернеттин наркы 30-35 сомони эле.

Интернеттеги телефондук сүйлөшүүлөрдүн мүнөтү да он эсе кымбаттады. Буга чейин бир мүнөттүк сүйлөшүү 10-12 дирам болсо, азыр 1 сомониден ашат.

Социалдык тармактардын көптөгөн колдонуучулары өкмөттүн чечимине нааразы болушту. Мобилдик компанияларга бойкот жарыялоо, Душанбеде каршылык акцияларын өткөрүү чакырыктары жаңырды.

Бишкекте жашаган тажик эксперти Асомиддин Атоевдин айтымында, монополияга каршы кызматтын чечими Тажикстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясына каршы келиши мүмкүн. Улуттук стратегиянын негизги тапшырмаларынын бири – Тажикстанды маалымат технологиялары жана массалык коммуникация боюнча аймактык борборго айландыруу.

Пикир

Оставить комментарий