• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Жети-Өгүздө Агадил Канатбеков акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Тосор айылында Баткен облусунда мекен чегин коргоп жүрүп окко учкан Агадил Канатбеков акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына облустук жана райондук бийлик өкүлдөрү, бир туугандары, айылдаштары катышып, эрдигин эскеришти.

Канатбеков Агадил Канатбекович 1999-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айлында туулган. Тосор орто мектебинде 9-классты ийгиликтүү аяктап, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин алдындагы колледжде “Унаадагы ташууларды уюштуруу жана башкаруу” адистиги боюнча билим алган.

2018-жылдын 30-октябырында Жети-Өгүз райондук аскер комиссариаты тарабынан мөөнөттүү аскер кызматына чакырылып, 2019-жылы аскердик кызматын ийгиликтүү өтөп келген.

2022-жылдын март айында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан 2053 аскер бөлүгүнө келишимдик негизде аскердик кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн.

Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий