• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,8 млрд куб метрге чейин азайды

Коом 0

Бишкек, 22.03.23./Кабар/. Бүгүн, 22-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 875 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 251 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 273 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий