• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

УКМК “Хизб ут-Тахрир” уюмунун “Каракол жана Түп” ячейкасынын активдүү мүчөлөрүнүн үйүндө тинтүү жүргүздү

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун “Каракол жана Түп” ячейкасынын активдүү мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлдү, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын билдирүүсүно караганда, үстүбүздөгү жылдын 22-декабрында УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында Х.Р.К., Т.М.С., Ж.М.Б., С.К.М., К.М.Б жана А.У.Б. аттуу КР жарандарынын жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлдү.

"Анын жыйынтыгында ар кандай брошюралар, диний мүнөздөгү блокноттор, ошондой эле уюлдук телефондор табылган, алар аркылуу “Хизб ут-Тахрирдин” экстремисттик материалдарын таратуу фактылары жана Россиянын ФСБсы тарабынан жок кылынган “Саид Бурятскийдин” террористтик мүнөздөгү видеочакыруулары табылды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий