• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

МСКнын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын байгелерин ойнотуу башталды

Экономика 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотууну баштады.

Салык кызматынан кабарлашкандай, утуш 30-декабрга чейин улантылат.

25-декабрдан 30-декабрга чейин төмөнкү байгелер ойнотулат:

  • 521 — iPhone14;
  • 519 — смартфон;
  • 158 — ноутбук;
  • Дайсон маркасындагы 21 фен.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы саат 13.00.

Ал эми 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.

Утуштар саат 15.00дө УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий